Нариман Түлеев: "Бизге карата кимден буйрук болгонун, кийин мамлекеттик айыптоочулар айтып берет"

Айыпталуучу депутат Нариман Түлеев сотто акыркы сөзүн айтууда. Ал буга чейин билдирип келген "мен күнөөсүзмүн" деген сөзүн кайталады. "Урматтуу судья, биздин соттук иш сизге туш келгенде сүйүнгөн элек. Ал эми азыр сиздин колдо өкүм даяр. Сиз азыр кеңешуучу бөлмөгө кирип тамеки чегип, чай ичип чыгып туруп, бизге карата даяр чечимди окуйсуз. Сизге ишенип, "тыйын албайт, жогору жактын буйругун жакты укпайт" дедик эле. Убакыт өтөт. Кийин ар бир мамлекеттик айыптоочу бул ишке байланыштуу кимден буйрук алганын, эмнеге мага 15 жыл сураганын айтып берет. Муну тарых көрсөтөт. Менде телефондук сүйлөшүүлөр бар, убагы келгенде аларды алып чыгабыз",- деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан