Баткен районундагы Сай айыл аймагында жаандан кийин белгисиз майда кара курттар пайда болуп, тургундарды кооптондуруп жатканы кабарланган.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен атайын адистер Сай айыл аймагына барып курттарды жок кылышканын SUPER.KG'ге кабарлады.
"Министрликтин тийиштүү бөлүмүнүн адистери жерине барып, текшерүү иштерин жүргүзүштү. Адистер курттар ал жерде буга чейин эле болгонун, жаан жааганда гана нымдуулук пайда болуп, көбөйүп кеткенин аныкташты. Жыйынтыгында 90 сотых жер аянтты ээлеген майда курттарды дары каражаттарын пайдалануу менен жок кылышты", - деп кабарлашты министрликтен.