30-июлда Баткенде 2 социалдык мекеме ишке кирет

30-июлда Баткен районунда республикалык бюджеттен каржыланып жаткан 2 социалдык мекеменин ачылышы болот. Алар Баткен районунун Чарбак айылындагы ФАП жана Чек айылындагы 320 окуучуга ылайыкталган мектеп. Мындан сырткары өлкөдө жакын арада ишке бериле турган 4 мекеме бар. Алар: 

Ош облусундагы Араван районунун Гүлбар айылындагы 624 окуучуга ылайыкталган Токтогул атындагы орто мектеп

Ош шаарынын Амир Тимур кичи районундагы 240 окуучуга ылайыкталган мектеп;

Ош облусундагы Кара-Кулжа районуну Жийде айылындагы 120 окуучуга ылайыкталган “Жийде” мектеби

Кара-Кулжа районунун Терек айылындагы 320 окуучуга ылайыкталган Абдымомунов атындагы орто мектеп.

Мекемелер жалпы баасы 142 миллион 396 000 сомду түзөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан