Вице-премьер жаңы кодекстер тууралуу: "Мурдагыдай айрым кылмыштарды жаап-жашырууга мүмкүнчүлүк жок болуп калды"

Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында өкмөттүн 2018-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат угулууда.

Анын жүрүшүндө депутат Искендер Матраимов: "Жаңы киргизилген кодекстер кандай иштеп жатат? Кандай мүчүлүштүктөр, кандай каталар болуп жатат?" - деп сурады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, милициянын 102 номуруна түшкөн чалуулардан баштап ар бир кайрылуу каттоого алына баштады. "Бул көптөгөн жеңилдиктерди алып келүүдө. Бул жерде мурдагыдай айрым кылмыштарды жаап-жашырууга мүмкүнчүлүк жок. Учурда адамдар 50 пайызы жакшы десе, 50 пайызы начар деген ойдо.

Ошол эле учурда көпчүлүк мыйзамдар мурдагыдай натыйжалуулугун бербей калды. Мурунку мыйзамдарга салыштырсак, тактала жана толуктала турган жерлери бар. Мындан ары бул мыйзамдардын үстүнөн иштөө керек, аны шайкеш келтирүүгө багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл", - деди Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан