29-июль, 1-август күндөрү республиканын аймагында кургак, ысык аба ырайы сакталат. Өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы +36...+41...градус болушу күтүлөт. Мындай аба ырайы адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин ӨКМ эскертет. Узакка созулган аба ырайынын мындай жогорку температурасы айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн кооптуу болуп, кеңири сугарууну талап кылат.