Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча "Кооптонууга негиз жок" деди

Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.

Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин көз карашында азыркы күндө элди көтөрүп чыга турган эч ким жок.

“Биринчиден, кооптонууга негиз жок. Экинчиден, бизде саясий абал бир топ турукташып калды. Менин көз карашымда, азыркы күндө элди көтөрүп чыга турган эч ким жок. Болгону бийлик жакшы иштеш керек”,- дейт Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Мирлан Жээнчороев, экс депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, журналист Мирбек Айтикеев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан