Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.
Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, жакынкы убакта бийлик өкмөттү кетирүүгө же жаңы шайлоо жарыялоого мажбур болуп, мамлекетти курч абалдан чыгарууга аракет кылат.
"Өлкөдө реформанын жоктугу, экономиканын артка кетип жаткандыгы саясий абалды бир топ курчутуп койду. Шайлоого бир жарым жыл калганда мындай активдүүлүк чоң кабатырлыкты жаратат. Шайлоо маалында адатта ушундай курч абал болот. Азыр болсо бардык баш көтөрүп сүйлөбөй бекинип отурган саясатчылар чыгып, активдүүлүктү көрсөтүп жатканы, бул азыркы күндөгү абалдын бир топ жеткиликтүү деңгээлде оор экенин түшүндүрөт. Бирок мен революциялык абал бар деп айта албайм. Жалпысынан абал курч, татаал, бийлик шайлоону кандай өткөрөт белгисиз. Эмнеси болгон күндө да кандайдыр бир деңгээлде коркунучка бара жатканыбыз көрүнүп турат. Жакынкы убакта бийлик өкмөттү кетирүүгө же жаңы шайлоо жарыялоого мажбур болот дагы, мамлекеттеги курч абалдан ошол менен чыкканга аракет кылат”, - дейт Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Мирлан Жээнчороев, Бакирдин Субанбеков, экс депутат Мээрбек Мискенбаев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, саясий эксперт Даниэл Кадырбеков, журналист Мирбек Айтикеев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.