Нариман Түлеев сотто "Кытайдан автобустарды алууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес" деди

2008-жылы Кытайдан автобустарды алып келүүдө эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун бүгүн, 29-июлда өтүп жаткан соттук отурумда Нариман Түлеев билдирди. Айтымында, Кожобергенов сатып алган автобустардын сапаты абдан жакшы жана баасы да ыңгайлуу болгон. “Автобустардын сапаты начардыгы тууралуу эч бир күбө айткан жок. Силер, мамлекеттик айыптоочулар, болгон нерсени эмес, өзүңөргө керектүү нерселерди уккуңар келип жатат. 9 ай ишти иликтеп, эч нерсе түшүнбөпсүңөр. Урматтуу полковник-прокурорлор, сиздер өз каалооңуздар менен жумуштан кетүүңөр керек. Укук коргоо кызматкерлеринин аброюна доо кетирбегиле”,- деди Түлеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан