Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.
Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.

Саясий эксперт
Даниэл Кадырбеков саясатчыларда бийликке чакырык таштоого ыңгайлуу учур жок деген пикирин айтты.
"Өлкөдө саясий абал курч болгону менен кооптонууга негиз жок. Себеби күчтүү оппозиция жок. Андан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядан жана Казакстандан "Атамбаевдин бажыдагы мафиясын жок кыл" деген белги алып жатат. Ошондуктан азыр президент бажы маселесине толук күч менен басым жасайт деп күтсөк болот. Учурда бийликке чакырык таштоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ресурсу жана социалдык капиталы жок. Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановтууралуу айтсак, алардын убактысы келе элек. Азыр бийликке чакырык таштоого ыңгайлуу учур жок", - деди Кадырбеков.