Ошто Валентина Шевченкого элечек да кийгизишти. Мушкер "Сулайман-Тоо" музейине барып, андан кийин 10 миңге чукул күйөрманы менен жолугушту

UFC`нин чемпиону, кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко бүгүн, 9-апрелде Ош шаарына барды. Ал өз кезинде "Сулайман-Тоо" музейинде да болду. Шаардагы жолугушуулардын биринде мушкерге кыргыздын улуттук кийимин, элечек кийгизишти. Ага чейин шаар тургундары Шевченкого кемсел кийгизип, башына жоолук салып тосуп алган эле.

Андан соң Валентина Шевченко борбордук аянтта күйөрмандары менен жолугушту. Мушкер менен жолугуу үчүн 10 миңге жакын күйөрманы келди. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой иш-чарага анын машыктыруучусу Павел Федотов, "Кулатуу Эртаймаш ММА" федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев, Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченко, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев катышты.

"Борбордук аянтта атайын концерттик программа коюлду. Күйөрмандар Валентина Шевченкого кызыктырган суроолорун беришти. Кызыктуу суроо бергендерге мушкер белектерин берди", - деп билдиришти аталган комитеттен.

Валентина Шевченко Оштогу күйөрмандары менен жолугушту
Ошто Валентина Шевченкого элечек да кийгизишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Jelezo
2019-04-09 23:18:02
Эми жакшы болду,
+18
JaneEr
2019-04-09 23:35:16
Азаматсынар Оштуктар!!!
+30
Syimyk.isaev
2019-04-09 23:39:30
Мына чыныгы Кыргыз кызына таандык кийим. Куп жарашып да калыптыр.
+23
Chungyz
2019-04-10 03:38:45
Биримдикте бололу туугандар
+16
aszyma
2019-04-10 10:51:41
Шөкүлө кийгизсенер болмок. Бул кызда.
-14
Shekeev969798
2019-04-10 11:27:43
aszyma,Эчнерсе жакпайт да бизге
+12
Dembele84
2019-04-10 13:29:55
Ошто озу билет да сый урмат,кимди кантип сыйлап,эмне кийгизиш керек дегенди.Борбордук туугандарга окшоп,аял кишиге чепкен менен калпак кийгизип шерменде болбой...
+6
moskyrsat
2019-04-10 13:33:59
Бишкек ана ватан болуп калган окшойт
+2
Skarlett-Skarlett
2019-04-10 14:31:20
Ошто ыйман деген бар озу,Ошто торолгонумо мин ирет шугур кылам,сыймыктанам)))
+5
Muslim1990
2019-04-10 21:44:46
Шаардыктар калпак менен элечектин айырмасын билбейт же Шевчонкону эркек деп ойлошту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан