Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында жаныбарларды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Күн тартипке ылайык, жыйында 8 маселе талкууланат. "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Биоотун жөнүндө" мыйзам долбоору, "Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралат.