Депутат Масалиев: "КСДП фракциясы төрдү бошотуп, жаңы коалиция түзүлүшү керек"

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Исхак Масалиев жаңы коалицияны түзүү керектигин айтты.

“Парламенттик шайлоо жакындап жатат. Ар түрдүү кыймылдардын аракеттери көрүнүп турат. Эгер кайсы бир жараныбыз өзүнүн көз карашында бийликке каршы күрөшүүнү жарыяласа бийлик ойлонушу керек. Бирок экс-президент долларлык миллионер болуп калган адам Жогорку Кеңештеги эң чоң фракциясы бар партиянын төрагасы күрөштү баштаса, оппозицияга кетем деп жарыяласа коомчулукта башкача абал пайда болот. Ал кишинин айылы борборубузга жакын жайгашса дүрбөлөң уюштурганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Экс-президенттин мүнөзүн билебиз. Жөнөкөй киши эмес, экс-президенттин сындаганы туура эмес. Учурдагы Жогорку Кеңештин курамына өзүнүн үлүшүн чоң деп айтсак адашпайбыз. Ошондой эле мезгил келгенде "досум, мен туура эмес айттым, мен сени айткан эмесмин" деп айткан адатын дагы билебиз. Бийликтеги партиянын өмүрү түбөлүккө болбойт, аны тарыхыбыз далилдеп койду. Партиянын ички талашы - жеке партиянын иши. Өзүнүн жол-жобосу менен чечилет. Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Былтыр “Республика-Ата Журт” фракциясы көпчүлүк коалицияга кошулган. Мыйзамга туура келбеген кадам. Мыйзамга ылайык, коалиция түзүлөт, кошуу же кемитүү жок деген түшүнүк. Коалицияны негизин түзгөн фракциянын өзүнүн партиясы менен талаш-тартыш болгону Жогорку Кеңешке зыян келтирет. КСДП тууралуу сөз кылып жатам. Убакыт келди, төрдү бошотуш керек. Убакытты созбой жаңы коалиция түзүү керек. Коалицияга КСДПдан башка фракциянын баары кошулушу шарт”, - дейт Масалиев.

Масалиев: "КСДП коалициядан чыгыш керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан