Депутат малды идентификациялоого өкмөт каражат бөлүп бербегенин айтты

Депутат Айтмамат Назаров малды идентификациялоого өкмөт каражат бөлүп бербегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Малды идентификациялоо зарылчылыгы 2007-жылдан бери көтөрүлүп келген. Бирок иш 2014-жылы башталган. 16 миллион доллар керектеле турганы эсептелген. Бирок өкмөт каражат, кошумча штаттык бирдик бөлүп берген эмес. Эл малга бирка басуунун баасы кымбат болгонуна нааразы болушту. Ошентсе да иш жүрүп жатты”, - дейт ал.

Жыйында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам долбоору укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган. Эркин жүргөн жана короодо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2019-04-10 12:58:53
ушул малды идентификациялоонорго таптакыр кошулбайм бекер эле расход, ар бир айыл окмотко эле малдын эсебин бергиле десенер эле алып берет эле го ар бир уйдон сурап
+1
Shekeev969798
2019-04-10 14:45:46
Эл озу сатып алып ататко бирканы! дагы эмнеге керек болуп атат акча ? окумот 16млн доллар берсе силер эмнеге элге акчага сатып жаттынар териштируу керек жегендерди камаш керек!!!
+2
Pchelka85
2019-04-10 14:58:29
Уйларга, торпокторго бир жума болду сойко салдырып, укол аттырдык. 1 сойко 80 сом, уколу 50 сомдон айланды ар бир уйга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан