Сотто Нариман Түлеев "2 документ көрсөтөт элем, ишти башынан карап чыгууну өтүнөм" деди

Бүгүн, 29-июлда соттогу акыркы сөзүн айтуу учурунда экс-мэр, ЖКнын депутаты Нариман Түлеев тергөө ишин жаңыртууну, башкача айтканда, ишти кайра башынан карап чыгууну соттон өтүндү. “Бул ишке тиешелүү болгон 2 документти көрсөтөм. Ушул документтердин негизинде тергөө иштерин жаңылоону өтүнөм”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочулар ишти кайрадан карап чыгууга негиз жок экендигин билдиришти. Өз кезегинде судья Аман Сариев бул сунушту канааттандырган жок. Эске сала кетсек, Ленин райондук сотунда Нариман Түлеев жана мэриянын мурунку кызматкерлери боюнча соттук отурум уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан