Саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков: “КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициядан чыгып кеткени туура болот”

Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыгышы керектигин айтты. Мындай сунушун ал КСДП партиясы оппозицияга өткөнү менен түшүндүрдү. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП фракциясы коалициядан чыкпай турганын билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыксын деп айтылды. Бул демилге колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.

Саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков партия оппозиция болуп жаткандан кийин анын фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керек деген пикирде.

“КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы боюнча айтуу кыйын. Анда жаңы коалиция түзүлүп, КСДП оппозицияда калып калат. Менин оюмча, КСДП башкаруучу коалициядан чыкканы туура болот. Алмазбек Атамбаевдин убагында түзүлгөн партия оппозиция болуп жаткандан кийин КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы шарт”, - дейт Жоробеков.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Жыргалбек Турускулов, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан