Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыгышы керектигин айтты. Мындай сунушун ал КСДП партиясы оппозицияга өткөнү менен түшүндүрдү. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП фракциясы коалициядан чыкпай турганын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыксын деп айтылды. Бул демилге колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкпайт деп ойлой турганын айтты.
“Жогорку Кеңеш тиштери жок акула сыяктуу. Жогорку Кеңеш негизинен чечүүчү фигура, чечүүчү органга айланбай калды. Бийликтин ортосунда тең салмактуулук болуш керек. Жогорку Кеңеш көптөн бери өзүнүн функциясын аткара албай калган. Булар кете турган убактысын күтүп тургандай, кетерине аз калганда иштебей калат. Парламент чечүүчү сөздү айта албайт. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан кетпейт. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын партиясы жок. Партияда үчтөй эле депутат калды. Бул партиялар тууралуу мыйзам чийки экенин көрсөтүп турат”, - дейт Качкынбаев.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Жыргалбек Турускулов, саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.