Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыгышы керектигин айтты. Мындай сунушун ал КСДП партиясы оппозицияга өткөнү менен түшүндүрдү. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП фракциясы коалициядан чыкпай турганын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыксын деп айтылды. Бул демилге колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, партиянын саясий кеңеши фракциядан жогору турат.
"КСДП партиясы бар болгону үчүн КСДП фракциясы бар. Партиянын саясий кеңеши фракциядан жогору турат. Партиянын лидери жана саясий кеңеши азыркы бийликке оппозиция деп жарыялагандан кийин, парламентте отурган фракция автоматтык түрдө коалициядан чыгышы керек. Партия өзүнүн позициясын жана бийликке болгон көз карашын өзгөрткөн соң, фракция аргасыз өкмөттүн курамынан же коалициядан чыгышы зарыл. Фракциянын жарымынын “коалициядан чыкпайбыз” деп айтканы адамдык жактан туура келбейт", - деди Келдибаев.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Жыргалбек Турускулов, саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири бул шилтемеде.