Жогорку Кеңеште Канат Исаевге, Акылбек Жапаровго, Игорь Чудиновго козголгон кылмыш иштери боюнча депутаттык комиссиянын чечими каралат

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Канат Исаевге, Акылбек Жапаровго, Игорь Чудиновго козголгон кылмыш иштери жөнүндө маселе боюнча депутаттык комиссиянын чечими каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Башкы прокуратура 2017-жылы 29-майда УКМКнын материалдарынын негизинде Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошол жылы 31-майда депутаттык комиссия түзүлгөн.

2017-жылы 11-майда Канат Исаевге "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 18-майда Жогорку Кеңеште Канат Исаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан