Өкмөттүн отчёту Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин кароосунан өтүп жатат. Депутат Алмазбек Токторов эл арасында өкмөттүн ишине "2" деп баа бергендер болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.
"Ар бир кабыл алынып жаткан мыйзамдын иштеп кетишинде өкмөттүн жоопкерчилиги жогору. Ошондуктан мыйзамды жөн эле жазылган кагаз катары эмес, аны таасири, духу күчтүү документ катары таануу керек. Ар бир аткарылган иштин артынган жоопкерчилиги бар экендигин унутпашыбыз керек. Ошондуктан мээнетти баалоодо маңыроо караган жарабайт. Таразанын калыс өлчөнгөнү жакшы", - дейт Токторов.