Журналист Тынчтык Алтымышев: “Өкмөт чабал иштесе, буга парламенттин да, президенттин да күнөөсү бар”

Бүгүн, 11-апрелде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү. Президент өкмөт үчүн отчёт бергендей таасир калтырганын интернеттеги социалдык тармактарда жазышууда. "Президент премьер болуп алганбы", "Жээнбековдун сөзүн өкмөттөгүлөр жазып берген окшойт" деген мааниде сындар айтылып жатат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өкмөттүн чабалдыгына президент көбүрөөк күнөөлүүбү же Жогорку Кеңешпи?" деген собол салды.

Журналист Тынчтык Алтымышевдин айтымында, президенттин Жогорку Кеңеште сөз сүйлөгөнү өкмөттүн парламенттеги отчёту угулуп жаткандай таасир калтырды.

“Эгерде өкмөт чабал иштей турган болсо, буга парламенттин, президенттин дагы күнөөсү бар. Анткени бизде жазылбаган мыйзамдар боюнча, өлкө парламенттик башкаруу деп аталганы менен иш жүзүндө президенттер эле өлкөнү башкарып келе жатканы акыркы 15 жылда баарыбызга эле маалым. Бүгүнкү президенттин кайрылуусу дагы бир уккан кишиге өкмөттүн парламенттеги отчёту угулуп жаткандай таасир калтырды. Президент парламентке келип өзүнүн кайрылуусун жасоо - анын Конституциялык укугу. Бирок эмнегедир бүгүнкү кайрылуусу кайсы кырдаалдан улам келип чыкты, эмнеге кайрылууну жасады деген суроо жаратат. Балким өкмөттүн отчётунун алдында өкмөттү сүрөп, парламентке өкмөттү өткөрүп койгула деген ойго түртүүдө”, - дейт Алтымышев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан