Саясий серепчи Сапар Орозбаков: "Парламент күнөөлүү болгусу келбесе, президентти өз ордуна коюп, өзү дайындаш керек"

Бүгүн, 11-апрелде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү. Президент өкмөт үчүн отчёт бергендей таасир калтырганын интернеттеги социалдык тармактарда жазышууда. "Президент премьер болуп алганбы", "Жээнбековдун сөзүн өкмөттөгүлөр жазып берген окшойт" деген мааниде сындар айтылып жатат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өкмөттүн чабалдыгына президент көбүрөөк күнөөлүүбү же Жогорку Кеңешпи?" деген собол салды.

Саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикиринде, жетекчилик кызматтарга иш билги адамдардын ордуна туугандарын жана жердештерин дайындоо - кыргыздын улуттук өзгөчөлүгү.

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болгондо эле мен "кыргыз экономикасын көтөрүү бул кишинин колунан келбейт" деп айткам. Өз алдынча иш кылып көрбөгөн, өмүр бою бирөөнүн жетегинде жүргөн адам экен. Сүйлөгөн сөздөрүнөн, кылган иштерине караганда анын экономика боюнча түшүнүгү биздин ырчы-чоорчулардыкынан көп деле ашпаса керек. Аны кызматка ким койду? Президент Сооронбай Жээнбеков койгону көрүнүп турбайбы. Эгер парламент койсо, талашып-тартышып бир ай дегенде араң коймок. Абылгазиевдин артыкчылыгы кимге кантип жагыш керек экенин жакшы өздөштүргөнүндө, анын кандай дам экени көрүнүп турат.

Өзүнүн айрым укугуна кирбеген ишке кийлигишип жаткан, тагыраак айтканда бийликти узурпация кылып алган президент күнөөлүүбү? Күнөөлүү. Парламент күнөөлүү болгусу келбесе, президентти өз ордуна коюп, өзү дайындаш керек болчу. Бул анын Конституциялык укугу. Президентке баш ийип бир добуштан бекитип берип жатса, парламент күнөөлүү болбогондо мен күнөөлүү боломбу? Мындай нерсе Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Алмазбек Атамбаевдин учурунда да болуп келген. Экономика ошон үчүн өнүккөн эмес. Бизде президент Сингапур, Корея, Кытайдын президенттеринен айырмаланып кызматка иш билги адамдарды койбойт. Туугандарын, жердештерин, классташ-курсташтарын коёт. Бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз. Жээнбеков деле туугандарын кыя албай турбайбы. Матрайимов жөнүндө канча сөз болуп жатат. Кана аны жазага тартканы? Ошондуктан экономика азыр да өнүкпөйт. Үмүт кылбай эле койгула”, - дейт Орозбаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан