Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары 25-июлда шаардык кеңештин төрагасын шайлашты. Аталган шаардын мэриясы билдиргендей, шаардык кеңешке төрага болуп “Эламан” фракциясынын депутаты Т.Сүйүнбаев шайланды. Жалпы 31 депутаттын 16сы (КСДП, “Ата Мекен”, “Эламан”) Сүйүнбаевдин талапкерлигин колдошту. “Республика” жана “Ак Шумкар” фракцияларынын 15 депутаты талапкерге каршы добуш беришти.