КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү: "Парламент элдин көйгөйлөрүн чечүү үчүн күн сайын министрлерге кайрылып, көзөмөлдөп турса мынчалык болбойт эле"

Бүгүн, 11-апрелде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү. Президент өкмөт үчүн отчёт бергендей таасир калтырганын интернеттеги социалдык тармактарда жазышууда. "Президент премьер болуп алганбы", "Жээнбековдун сөзүн өкмөттөгүлөр жазып берген окшойт" деген мааниде сындар айтылып жатат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өкмөттүн чабалдыгына президент көбүрөөк күнөөлүүбү же Жогорку Кеңешпи?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукеева өкмөттүн чабалдыгына Жогорку Кеңеш күнөөлүү деген пикирин айтты.

"Өкмөткө президент да өзүнүн талапкерлерин сунуштаса керек. Бирок биз парламенттик республикабыз. Ратификация болобу же башкабы, ар бир чечимдер жана мамлекеттик маанилүү долбоорлор Жогорку Кеңештин колунан өтөт. Мындайга келгенде эле парламент "биздин күнөөбүз жок" деп чыгып жатпайбы. Өкмөттүн курамын ким бекитти? Өкмөттү ким кетирди? Өлкөдөгү саясий окуяларга, баарына Дастанбек Жумабеков баштаган парламент керт башы менен жооптуу. Депутаттар жер-жерлерге барса, өкмөткө өз учурунда тапшырмаларды берсе, катасы жок кат жазса, мынчалыкка барбайт эле. Парламент саясат менен алектенип калды. Элдин көйгөйлөрүн чечүү үчүн күн сайын министрлерге кат менен болобу же башка жол мененби кайрылып, көзөмөлдөп турса мынчалык болбойт эле. Алар өкмөткө тааныштарын коюшту. Асылбек Жээнбеков вице-премьердин баяндамасын "канааттандырарлык" деп мактап жатат. Өздөрү башынан сылап жатканы уят. Иштетиш керек. Депутаттарды да, президентти да эл шайлаган. Эл иштетиши керек болуп калды", - деди Борбукеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан