Жалал-Абад. Бел-Алды айылындагы чөп жайыттарынын 70 пайызы чабылып бүттү
Жалал-Абаддагы Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айылынын жашоочулары массалык түрдө учурда кышка малдарына тоют камдашууда. Айыл өкмөт башчысы Таалай Жайыловдун айтымында, айылда 300 гектар көп жылдык, 1000 гектардан ашык табигый чөп жайыт бар. Учурда жайыттардын көпчүлүгү чабылууда. Көп жылдык чөп жайыты чабылып бүтсө, табигый чөп жайыттын 70 пайызы жыйналып алынды. Бел-Алды тоолуу аймак болгондуктан эгин кеч бышарын, азыр эгин жыйноо иштери баштала электигин кошумчалады айыл өкмөт башчы.