Жогорку Кеӊештин жыйынында бири-бирине байланыштуу “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов аталган мыйзам долбоорлору боюнча баяндама жасады.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун, коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Муну менен бирге, долбоор менен колдонуудагы мыйзамдын биринчи бөлүгүн ички аскерлерди жетектөө жана алар менен өз ара аракеттешүү боюнча ченемдерди алдын ала караган 51-берене менен толуктоо сунушталат. Сунушталган берененин мазмуну Ички аскерлерди Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамына өткөрүп бергенден кийин жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын күчүн жоготту деп табылган 5-беренесине ылайык келет.
Ал эми “КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” мыйзам долбоору ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин уюштуруу жана укуктук негиздерин бекемдѳѳнү белгилѳѳгѳ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугунун мамлекеттик системин ѳнүктүрүүгѳ, коомдук тартипти, жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыздоого багытталган", - деди Асанов.
Белгилүү болгондой, "2014-жылы аскердик реформанын алкагында, Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумуна кирген Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамына киргизилген. Ички аскерлердин Улуттук гвардиянын курамында болуусу өлкөнүн ички коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматтык-күжүрмөн маселелерди чечүүдөгү алардын дараметин жана мүмкүнчүлүгүн чектеген.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы Жарлыгы менен мурда Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына берилген штаттардын, документтерин, имараттарын, курулмалардын, материалдак-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрдүн эсебинен Ички аскерлерди түзүү чечими чыгарылды. Бул Жарлыкты ишке ашыруу максатында аталган мыйзам долбоорлору иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорлору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.