Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр өкмөттүн былтыркы жылы аткарган иши тууралуу маалымат берет

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңеште парламенттик көпчүлүк коалициясынын отурумунда премьер-министр өкмөттүн былтыркы жылы аткарган иши тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, отурумда өкмөттүн 2018-жылдагы аткарылган иши жөнүндө жалпы маалымат угулат.

Баяндамачы катары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана өкмөттүн мүчөлөрү чакырылган. Мындан сырткары отурумда ар кандай маселелер да каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан