Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн отчётун угууда. Депутаттар түшкү танаписке чыкпай туруп, отчётту аягына чейин угууну көпчүлүктүн добушу менен чечишти.
Депутат Алтынбек Сулайманов: "Түшкү танаписке чыкпоо чечими кабыл алынып калбадыбы. Депутаттардын арасында кимге керек болсо жарым саатка жума намазга барып катышып келишсин. Өкмөт мүчөлөрүнүн арасында жума намазга бара турчу адамдар бар, алар уруксат алып чыгып келишсин", - деди депутат.