Бүгүн, 12-апрелде парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн отчётун угууда.
"Жылына бирден премьер-министр алмаштырып көргөнбүз, бирок андан мүйүз чыгып кеткен жок. Сиз үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнагыча жарым жыл өтүп кетти. Ачуу, таттуу сөздөргө таарынбаңыз. "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 44 пайызга азайды, тартип бузуулар 37 пайызга азайды деп жатасыңар. Жакында төлөбөй койгондордун саны 70 пайызга жетет, баары жаңы башталды. Бүгүнкү күндө эң аз айлык акы канча сомду түзөт?" - деди депутат.
Буга экономика министри Олег Панкратов өлкөдө орточо айлык 16 миң 218 сомду түзөт деген жооп узатты.
"Айып пул болбошу керек деп айтпайм, бирок алардын суммасын кайра карап чыгуу керек", - деп кошумчалады депутат.