УКМК: Муфтият 2012-жылкы ажылык сапарды уюштурууда салык жана милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн төккөн эмес

2012-жылкы ажылык сапарды уюштурууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн төкпөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу 29-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Төгүлбөгөн каражаттын айынан Социалдык фонддун эсебине 5,5 миллион сом, Мамлекеттик салык кызматына 5 миллион сомдон ашык акча түшпөй калган. Бул боюнча, 22-июлда УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Эске салсак, 2011-жылдагы ажылык сапарды уюштурууда КМДБнын мурдагы жетекчилиги тарабынан да ушундай эле мыйзам бузууларга жол берилгендиги белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан