Бүгүн, 12-апрелде парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн отчётун угууда.
Депутат Айнура Осмонова өз кызматын так аткара албай жаткан жетекчилер качан иш орундарын бошотот деген суроо берди. "Эмне себептен өз ишин так аткара албай жаткан министрлерди, мекеме башчыларын жана губернаторлорду кармап отурабыз?" - деди депутат.
Буга премьер-министр: "Мен буга чейин айткам, айрым мамлекеттик кызматтардын башчылары жылдырылган. Баарын алып салуу мүмкүн эмес, жакшы иштеген кесиптештерибиз бар, алар чынында жакшы иштеп жатышат", - деди.
Депутат: “Кеп бардык жетекчилерди алып салуу жөнүндө болуп жаткан жок. Мен баарын алып салгыла деп айткан жокмун, өз кызматын билбей жаткан жетекчилер тууралуу айтып жатам. Бизде эксперимент жүргүзүүгө убактыбыз жок деген ойдомун”, - деген пикирин билдирди.
"Жакында алынат" деп убадалады Абылгазиев.