Депутат Руслан Казакбаев: "Бабановго каршы аракеттер акыркы эки күндө күчөп кетти"

2017-жылдагы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын адамдын добушуна ээ болгон Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө 13-апрелде кайтып келерин айтты. Бул маалымат белгилүү болгондон кийин анын жакындары суракка чакырыла баштады. Мындан тышкары Бабановго тиешеси бар "Кыргызстан" банкынын акционерлери да суракка алынды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соңку күндөрдөгү Бабановго каршы бийликтин аракеттери куугунтукпу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин айтымында, Бабановдун туугандары бүгүн да суракка чакырылууда.

"Бийликтин аракеттерин жалпы жонунан куугунтук деп бааласак болот. Бул аракеттер көбүнчө кечээ жана бүгүн күчөп кетти. Каржы полициясы Бабановдун туугандарын чакырып, 5 саат сурак жүргүзүштү. Бүгүн да чакырып жатышат. Бабановго юридикалык жактан тиешеси жок, бирок ага байланыштуу ишканалар боюнча иштер жанданды. Балким, укук коргоо органдары же кээ бир орто деңгээлдеги бийликтегилер "бөрк ал десе, баш алат" дегендей болуп жатышат. Ошонун баары куугунтуктун ишараты катары көрүнүп жатат", - деди Казакбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Ирина Карамушкина, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков, жарандык активист Аманбол Бабакулов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов жана журналист Мирбек Айтикеевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан