Журналист Мирбек Айтикеев: "Бийликке болгон нааразычылыктар күчөп жаткан кезде, алар коркутуу аркылуу өздөрүнүн маселесин чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат"

2017-жылдагы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын адамдын добушуна ээ болгон Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө 13-апрелде кайтып келерин айтты. Бул маалымат белгилүү болгондон кийин анын жакындары суракка чакырыла баштады. Мындан тышкары Бабановго тиешеси бар "Кыргызстан" банкынын акционерлери да суракка алынды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соңку күндөрдөгү Бабановго каршы бийликтин аракеттери куугунтукпу?" деген собол салды.

Журналист Мирбек Айтикеев бийлик тарабынан жасалган тоскоолдуктарды кыйыр түрүндөгү тоскоолдук деп атаса болорун айтты.

"Соңку күндөрү Бабановго карата ачык куугунтук болгон жок, бирок бийлик тарабынан тоскоолдуктар жасалууда. Ага тиешелүү деген бизнестерди текшерүү, жакын туугандарына кысым жасоо, анын тарапташтарына эркин чогулуп тынчтык митинг өткөрүүсүнө тыюу салуу аркылуу тоскоолдуктар жаралып жатат. Муну түздөн-түз эмес, кыйыр түрүндө Бабановго жана анын тарапташтарына болгон куугунтук деп эсептесе болот. Бүгүнкү күндө саясий кырдаал күндөн-күнгө курчуп жатат. Ошол эле дыйкандар өстүргөн жер-жемишин сата албай жатат, Кыргыз-Казак чек арасындагы маселеге бир айга жакын убакыт болду, бирок али чечиле элек. Ошол эле жүк ташуучу унаалар кирип-чыга албай жатышат. Күйүүчү майдын баасы кымбат болууда. Айтор, өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелер бар. Ошондон улам элдин бийликке болгон ишеними жоголуп, нааразычылыктар күчөп жаткан кезде алар басым, коркутуу-үркүтүү аркылуу өздөрүнүн маселесин чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Бул бийликтин оппоненттерине куугунтук, аларды каралоо менен эмес, ошол эле реалдуу социалдык-экономикалык маселелерди чечүү, реформаларды жасоо менен элдин ишеничин алышы керек. Коркутуу менен ишеним алам деген нерсе - бул жаңылыштык. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Бүгүнкү кемчиликтерин тез арада оңдоосу керек", - деди Айтикеев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Ирина Карамушкина, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков, жарандык активист Аманбол Бабакулов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан