Жалал-Абад. Аксыда ооруканалар 9 миллион сомдон ашык суммадагы техникалык жабдуулар менен камсыз болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун ооруканалары жыл башынан бери 9 миллион 181 180 сомдук техникалар менен камсыз болуп, абалын бир топ чыңдап алган. Аксы районунун акиминин орун басары Айжан Чилетованын айтымында, кайрымдуулук фонд тарабынан Кашка-Суу айыл округунун Жайыл айылына жаңы ФАП курулган. Андан сырткары Жерге-Тал айылына үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы оорукана курулат. Аны куруу үчүн долбоор жазылып, 5 миллион сом суммадагы акча каражатын утуп алышкан. Жакында курулуш иштери башталарын акимдин орун басары билдирди. "Ал эми район боюнча 6 айда 1527 бала төрөлсө, 1 жашка чейинки ымыркайлардын өлүмүнүн саны 6 айда 22 жолу катталган. Былтыркы жылы 1708 ымыркай жарык дүйнөгө келип, жарым жылдыкта 28 наристе каза болгон. Өткөн жылга салыштырмалуу 181 бала аз төрөлсө, бөбөктөрдүн каза болуусу 6 балага кыскарган. Ошондой эле жыл башынан бери 1 эне өлүмү катталган. Өткөн жылга салыштырмалуу энелердин өлүмүндө өсүш жок. Себеби өткөн жылы дагы 1 эненин өлүмү катталган", - дейт А.Чилетова.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан