Бүгүн Бишкекте Ден соолуктун бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган акция өттү

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаарында Ден соолуктун бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган акция өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акцияга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышты. "Ден соолуктун бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган акциялар жыл сайын дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде өткөрүлөт. Алардын негизги максаты – адамдарга спортко, сергек жашоо образына карай болгон мамилени сиңирүү. Ар бир адам ден соолукка умтулат. Бүгүн биз жалпыңыздарды жеке жана жакындарыңыздардын ден соолугуңуздар үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга чакырабыз", - дейт Өмүрбекова.

Иш-чара алкагында жалпы дене тарбиялык көнүгүү жасалып, айкидо, тхэквондо, көркөм гимнастика жана спорттук атлетика боюнча оюн көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан