Бүгүн өкмөт парламенттик оппозициянын комитетине отчёт берет

Бүгүн, 15-апрелде өкмөт мүчөлөрү эки парламенттик азчылыктын өкүлү төрагалык кылган комитетте отчёт берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, саат 10:00дө парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму өтөт. Анда баяндаманы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жасайт. Аталган комитеттин төрагасы "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Эмил Токтошев.

Саат 14:00дө Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин отурумунда өкмөт мүчөлөрү тышкы миграция маселесин талкуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан