Ош шаардык мэриясынын жүргүнчүлөрдү тейлөө агенттиги ИИМдин жол көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте автобустарды жана маршруттарды текшерүү боюнча рейд өткөрүштү. Жыйынтыгында 46 жол эрежесин бузуу катталды. “Негизги эрежени бузуулар маршруттардын аялдамадан сырт жерде токтоолор, айдоо күбөлүгүнүн так эместиги жана жүргүнчүлөргө карата болгон орой мамилелер болду”,- дейт мэриянын жүргүнчүлөрдү тейлөө агенттигинин башчысы Искендер Жороев. Учурда шаар тургундарын 650 маршрут, 50 автобус, 14 троллейбус тейлейт.