Өкмөттө жылына 400-500 доллар төлөп унаанын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү демилгеси каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.
Белгилүү болгондой, мындай демилге бир нече депутат тарабынан берилген сунуштардан кийин өкмөттө каралууда. Буга чейин мындай сунуштар депутат Исхак Пирматов жана экс-депутат Данияр Тербишалиев тарабынан сунушталган.
Комитет отурумунда депутаттар унаанын айнегин караңгылатууну каалагандар акчасын төлөп коюп жүрө берүүгө уруксат берүү керектиги айтылды. "Мындай демилге учурда өкмөттө каралууда", - деди Аскаров.