"Азыркы күндө аймактарда тиешелүү аппараттар жок, дарыгерлер диагнозду көз жана ооз менен коюп калды". Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Тариел Жоробеков айтты.
Эл өкүлү өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагында көйгөйлөр көп экендигине токтолду.
"Энелердин өлүмү 2018-жылы 1,7 пайызга өсүптүр, мындайча айтканда, 1000 эненин ичинен 33 эне каза болуп жатат. Эмне себептен энелердин өлүмү өсүүдө?" - деди депутат.
Буга саламаттыкты сактоо министри: “Былтыр 52 аял төрөттөн каза болгон. Каза болгон энелердин көбү өз убагында дарыгерлерге кайрылган эмес. Анын арасында мигрант энелер да болгон", - деди.
"Азыркы күндө жарандар баласын төрөт үйүнөн чыгарып алуу үчүн аны ал жактан "сатып алып" жатышат. Аймактарда дартты аныктоочу тиешелүү аппараттар жоктугуна байланыштуу дарыгерлер диагнозду көз жана ооз менен коюп калды", - деди эл өкүлү.