Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында эки депутаттын ортосунда кайым айтышуу орун алды.
Анда депутат Евгения Строкова депутат Тазабек Икрамовдун өзүн алып жүрүүсүнө карата сын-пикирлерин айтты.
"Мен анын бул жерде отургандыгынын легитимдүүлүгүн текшергенге чейин модераторлукту бербөөнү өтүнөм. Ал министрлер менен тил табышып алып, билими болбой туруп "Билим берүүнүн отличниги" болуп алды, эми "Саламаттыкты сактоонун отличниги" болсо таң калбайм", - деди Строкова.
Буга Тазабек Икрамов комитеттеги эки депутат айым көзөмөлдөөчү орган болуп алган деп айтты.
"Биздин ортобузда талаш-тартыштар болот. Строкова менен Аида Исмаилова комиссия түзүп, министрликтерди текшеришет. Бир карасаң онкологияны текшерет, бир туруп Билим берүү министрлигин текшерет. Биздин министрликтер таң атпай барып алып текшерип, ызы-чуу кылышат экен. Жалган болсо айткыла. Биз комитет болгондон кийин комитеттин чечими менен барып анан министрликтерди текшерүүбүз керек", - деди Икрамов.
Строкова: "Эгер сиз комитетке катышсаңыз, өзүңүздүн эле кызыкчылыгыңызды ойлой бербесеңиз, бул нерсеге жетпейт болчубуз. Токтотуңуз!" - деди.
Өз кезинде Икрамов: "Булар өздөрүн күч органы, прокуратура сезип алышты", - деп кошумчалаганга үлгүрдү.