Депутат Жанар Акаев: "Бабановго карата дагы бир жаңы кылмыш ишин ойлоп табуу туура эмес"

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон. Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасына 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын жарыялаган. Ал күнү экс-депутат өлкөгө келбей калганын жарыялады. "Бүгүнкү күнү мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык митингинде үчүнчү күчтөр даярданып жатканын штабдан айтышты", - деди Бабанов.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялар, ага карата козголгон иштер саясий куугунтук экенине далил боло алабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жооп берди.

Анын айтымында, Өмүрбек Бабановго мурдагы бийлик тушунда козголгон кылмыш иштери эскиргендигине байланыштуу жабылышы керек болчу. "Бабановго карата кайра кандайдыр бир кылмыш ишин ойлоп табуу туура эмес го. Себеби ал президенттик шайлоодо негизги оппоненттердин бири болду. Албетте, саясий оппоненттерди эч ким жакшы көрбөйт. Бабановдун тууганын Финансылык полицияда 5 саат суракка алуу да туура эмес деген ойдомун. Эгер ал мекенинде жүрсө жана ага кандайдыр бир саясий куугунтук болсо, мага жооп берүүгө оңой болмок, бул жагдайда мен толук кандуу жооп бермекмин. Эми Бабановго байланыштуу суроолорго өзү жооп берсе керек”, - деди Акаев.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий эксперт Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан