Эртең парламенттин тармактык комитетине Башкы прокуратура 2018-жылы аткарган иши боюнча отчёт берет

Эртең, 16-апрелде парламенттин тармактык комитетине Башкы прокуратура 2018-жылы аткарган иши боюнча отчёт берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жасайт. Буга чейин Башкы прокуратуранын отчёту Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында "Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралат. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси - Төрөбай Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан