Партияга да, жеке адамга да добуш берүүгө мүмкүнчүлүк ачкан мыйзам долбоору сунушталды

Бирдиктүү шайлоо округун 9 шайлоо округуна бөлгөн мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын демилгечиси - Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматов.

Долбоорго ылайык, ар бир аймактык шайлоо округуна саясий партиялар шайлоочулардын санына жараша ошол округга бөлүнгөн мандаттардын санына туура келген санда талапкерлердин аймактык тизмесин сунуштайт. Ушул аймактык тизмелерден 120га барабар болгон жалпы мамлекеттик тизме түзүлөт. Чет өлкөдө жашаган жарандар үчүн бир шайлоо округу калат. Шайлоочулар партияга да, жеке адамга да добуш бере алат.

"Сунушталып жаткан систем жаӊы саясий партиялардын аймактык уюмдарын бекемдейт. Ар бир саясий партиянын курамында 9 аймактан шайланган депутаттар болот. Аймактык лидерлердин пайда болушуна өбөлгө түзөт, ал өз кезегинде партиялык элитанын дайым жаӊыланып туруусуна алып келет. Партиялык ички атаандаштык күчөйт. Жалпы өлкөдөгү саясий элитанын жаӊыланышына мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү лидерлердин ролу жогорулайт. Бул партиянын жер-жерлерде популярдуулугунун бекемделишине шарт түзөт", - деп айтылат долбоордун негиздеме-маалымкатында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан