Депутат жарандардын жеке маалыматтарын коргоочу органдын түзүлбөгөнү боюнча жооптуу адамдарга чара көрүү керектигин айтты

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 16-апрелде өкмөттүн отчётун угуп жатат. Жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама жасады. Депутат Марат Аманкулов өкмөттүн отчётун комитет бир жылда бир жолу угарын белгилеп, премьер-министрдин жыйынга эмне себептен келбей калганын сурады.

"Өкмөттүн отчётун бир жылда бир жолу угабыз. Премьер-министр ошого да келген жок. Мекемелердеги дисциплинаны да карап чыгышыбыз керек" деди.

Комитеттин төрайымы Махабат Мавлянова өкмөт башчы жумуштарына байланыштуу келбей калганын, вице-премьер тийиштүү суроолорго жооп берерин айтты.

Депутат Марат Аманкулов 2017-жылы кабыл алынган мыйзамдын аткарылбай жатканына токтолду. "Азыр мыйзам аткаруудагы дисциплина тууралуу айткым келет. Анда жеке маалыматтарды коргоо боюнча орган түзүлөрү айтылган. Быйыл санариптештирүү жылы деп жатабыз. Өздүк маалыматтарды иштеп чыгуучу, коргоочу орган дале түзүлө элек. Эки жылдан бери түзүлбөй жатканына жооптууларга чара көрүлөбү?", - деди.

Кубатбек Боронов жарандардын жеке маалыматтарын коргоочу органды түзүү иштери жүрүп жатканын айтты. Депутат органдын бүгүнкү күндө ишке киргизилбегенин белгилеп, мыйзамдын аткарылбаганына күнөөлүүлөргө чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан