"Анекдот болуп калды". Депутат башкы прокурорду "Белизгейт" боюнча материалдарды ачыктоого чакырды

Депутат Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду "Белизгейт" боюнча материалдарды ачыктоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында айтты.

"MegaCom" компаниясынын акцияларына байланыштуу Белизден келди" делген документтер боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Ошондуктан мамлекеттик жашыруун сыр болбогондон кийин “Белизгейт” жосуну боюнча документтерди ачыкка чыгаруу керек. Бул мамлекеттик сыр эмес эле анекдот болуп калды", - деди депутат.

Буга башкы прокурор: "MegaCom" компаниясынын акциялары боюнча материалдарга буга чейин Башкы прокуратура тарабынан укуктук баа берилген, бирок документтерге “жашыруун” белгиси коюлуп калган, ал азырынча алына элек", - деп жооп берди.

Депутат бул ишти кайра карап чыгуу керектигин айтып, аны өз көзөмөлүнө алууну өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан