Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 16-апрелде өкмөттүн отчётун угуп жатат. Жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама жасады.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков өкмөт негизги милдеттерин аткарбай жатканын баса белгиледи.
"Карышкыр ток, кой аман" дешет. Баяндамага караганда бизде баары жакшы экен. Сиз санды айттыңыз. Мен саясатты айтайын. Сиздер бюджеттин киреше бөлүгү боюнча милдетти аткарган жоксуздар. Кыргыз өкмөтүнүн милдети жакырсыздыкты жоюу, жарандарды жумуш менен камсыз кылуу.
Отчётто көп нерсе 2017-жылга салыштырылган. Былтыр 2016-жылга, ага чейин 2015-жылга салыштыргансыздар. Карапайым калк үчүн мунун баары калп. Өсүш болгон жок. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча ички дүң продукциянын көрсөткүчү боюнча Кыргыз мамлекетинде өсүш болгон эмес.
Кыргыз өкмөтүн ким багып жатат? Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча биз сырттан келген акча менен жашап жатабыз. Орусиядагы 800 миң мигрант акча жөнөтүп жатат. Мигранттардын акчасынан көз каранды болгон алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирдик. Тонга, Тажикстан менен Кыргыз өлкөсү мигранттардын акчасына көз каранды болгон алдыңкы өлкөлөр экен.
Мыйзамды аткарбаган жетекчилер кызматтан кетиши керек. Бажы кызматы айтсынчы өткөн жылдын январь-февраль-март айындагы көрсөткүч кандай эле?" - деп сурады депутат.
Бажы кызматынын өкүлү 2018-жылдын биринчи кварталындагы отчёт колунда жок экенин айтты.
Депутат: "Жаштардын өкмөтү кетип, чалдардын өкмөтү келгенде булар бизди "кидать" этип кетет деген элем. Атасы болушчаактын баласы ыйлаак дегендей болду. Президент, көпчүлүк коалиция колдоп берди деп жыргап отурасыңар. "Кумтөр" менен "Мегакомдон" бюджетке түшкөн акчаны карап отурасыңар", - деди.
Андан соң Бажы кызматынын өкүлү 2018-жылы чогулган бажы төлөмдөрү тууралуу маалымат берди.
Эл өкүлү "Анда эмне үчүн Казак-Кыргыз чек арасы 19-марттан бери жабык турат? Бул Бажы системиндеги бардак. Бажыдагы коррупция күчөп жатат. Силер моюнга албай жатасыңар", - деди.
Вице-премьер Кубатбек Боронов Бажы тармагындагы көйгөйлөр караларын белгилеп "Чалдар "кидать" этпейт" деди.