15-августта Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү боюнча жол картасы кабыл алынат

Бажы союзуна кирүү үчүн Кыргызстандын жол картасынын акыркы варианты 15-августта кабыл алынат. Бул күнү документтерди даярдоо боюнча жумуш топтун 7-отуруму өтөт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Олег Панкратов бүгүн, 29-июлда билдирди. Айтымында, учурда жол картасынын жыйынтыктоочу этабы иштелип жатат. Акыркы варианты даяр болгон соң документ Бажы союзуна кирген мамлекеттердин жетекчилеринин кароосуна жөнөтүлөт. 16-август күнү Москвада вице-премьер-министрлердин катышуусунда Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин экономикалык кеңешинин отурумунда жол картасы алардын кароосуна алынып чыгат. “Эгерде ал жерден колдоо тапса, болжол менен октябрь же декабрь айларында Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин өлкө башчыларынын отурумунда жол картасы кабыл алынат”, - деди О.Панкратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан