Буга чейин маалымдалгандай, 23-апрелде Жогорку Соттун имаратынын жанында абакта жаткан саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровдун иши акыйкат иликтенишин талап кылган тынчтык митинги өтөт. Ага 6 миңдей адам катыша тургандыгын Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кабарлаган. Ал митингге чыккандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздап берүү боюнча өтүнүч каты Бишкек мэриясына жиберилгенин кошумчалаган.
Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова өтүнүч кат канааттандырылганын SUPER.KG порталы кайрылганда маалымдады.
"Бул күнү шаарда эч кандай иш-чаралардын өтөрү пландалган эмес. Андыктан тынч митингди өткөрбөгүлө дегенге негиз жок. Биз катты Биринчи Май райондук акимчилигине жөнөтүп, 23-апрелде коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздап бергиле дедик", - деди ал.
Садыр Жапаров 2017-жылы "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.