Депутат Тараз-Талас-Суусамыр жолун куруу боюнча тендерди утуп алган ишкер эл аралык издөөдө жүргөн жаран экенин айтты

Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 16-апрелде өкмөттүн отчётун угуп жатат. Жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун куруу боюнча тендерди утуп алган жаран эл аралык издөөдө жүргөнүн айтты.

"Тараз-Талас-Суусамыр жолунун курулушунун үчүнчү фазасы бүттү. Жолду куруу боюнча Түркиянын жараны тендерди утуп алган. Менде ички иштер министринин орун басары, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары жазган каты турат. Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн аферист Кыргызда жолдорду салып жатат. Миллиондогон тендерди берип койдук. Аткаруучулар акчасын ала албай жүрүшөт. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок иш ордунан козголбой турат. Өзбекстан издөө жарыялаптыр, Түркияда кылмыш иши боюнча жүргөн экен. Ал эми бизде ээн-эркин 2 чоң тендерди утуп алыптыр. Кыргыз өлкөсү аферисттердин мамлекетиби?" - деди депутат.

Өкмөт өкүлү 2018-жылы жол курулушун аткаруучулар ортосунда түшүнбөстүктөр болгонун билдирди. "Тендерди утуп алган жарандын издөөдө жүргөнү тууралуу бизде расмий маалымат жок. Бирок Түркиянын Кыргыз жериндеги элчиси анын ишкерлик жаатында көйгөйлөрү бар экенин айтты", - деди өкмөт өкүлү.

Суусамырдагы жолду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү кечеңдеп жатканын депутат Тынчтыкбек Конушбаев да айтып өттү. "98 техника иштеп жатат дейсиңер. Ал жерде 98 техниканын жыты да жок. Жол сыйрылган бойдон турат. Ал жакта жүргөн адам учуп өлөт. Ошол тарапка барып көргөн эмес окшойсуңар", - деди Конушбаев.

Талкуунун соңунда комитет мүчөлөрү өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп добуш беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан