"Дача-СУдагы кырсык боюнча көп нерселер ачыкталбай, баарында күмөн ойлор бар" дейт КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов

Эки жыл мурун январь айында түркиялык компаниянын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов учурда кырсык боюнча тергөө жаңыдан башталганын эле айтып, азырынча эч кандай кенен маалымат бере алышпай турганын билдирди.

Дача-СУга Боинг кулаган кырсык кезинде Алмазбек Атамбаев президент, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер жана комиссиянын төрагасы болуп турган. Алардын ушундай кызматтарды ээлеп турганы азыркы тапта чындыкты билүүгө мүмкүнчүлүк береби?

SUPER.KG порталынын "Дача-СУ аймагындагы авиакырсык боюнча эмнеге ушул күнгө чейин чекит коюлбай келе жатат?" деген соболуна КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов жооп берди.

Ал билдиргендей, Дача-СУ боюнча кырсыкты иликтеген комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги чоң. "Азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев комиссиянын төрагасы болгон. Комиссияга азыркы вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кирген. Алардын жоопкерчилиги чоң. Комиссия иликтеген фактылар аягына чейин чыккан жок. Көп нерселер ачыкталбай, баарында күмөн ойлор бар. Мавлян Аскарбеков дагы Дача-СУнун жашоочуларын Ак Үйгө чейин алып келген. Ал ошол нерсеси үчүн дагы куугунтукталып, ага карата кылмыш иши ачылып, 50 миң сом айып пул салынган. Атамбаевдин убагында дагы, азыркы бийлик дагы эмнегедир ошол жүк кимге таандык экенине кызыкдар эмес. Бул нерсеге сөзсүз түрдө чекит коюлушу керек. Кырсыктан каза болгондордун арбактарына таазим этүү үчүн биз бардык фактыларды ачыктап, элге көрсөтүшүбүз керек деген ойдомун", - дейт Турдукулов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, юрист Азиз Канатбек, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан