Эки жыл мурун январь айында түркиялык компаниянын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган.
Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов учурда кырсык боюнча тергөө жаңыдан башталганын эле айтып, азырынча эч кандай кенен маалымат бере алышпай турганын билдирди.
Дача-СУга Боинг кулаган кырсык кезинде Алмазбек Атамбаев президент, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер жана комиссиянын төрагасы болуп турган. Алардын ушундай кызматтарды ээлеп турганы азыркы тапта чындыкты билүүгө мүмкүнчүлүк береби?
SUPER.KG порталынын "Дача-СУ аймагындагы авиакырсык боюнча эмнеге ушул күнгө чейин чекит коюлбай келе жатат?" деген соболуна юрист Канатбек Азиз жооп берди.
Анын пикиринде, Боинг кырсыгына жана учактагы жүккө Сооронбай Жээнбековдун жана Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси жок. "Бүгүнкү күнгө чейин Боингдеги жүктүн ээси ким экенин жарандар жана азыркы бийлик билбейт. Атамбаев муну айта элек. Ал кездеги транспорт министри жөн эле кагаздарды көрсөтүп коюп “учак май толтуруу үчүн аэропортко конгон” деген, кийин “учак аэропортко жүк ташташ үчүн конгон” деген сөз чыккан. Ошентип жалган жалаа менен бул маселе жабылып унутулуп калган. Бирок бул окуянын жыйынтыгы жана чындыгы азыркыга чейин көтөрүлгөн жок. Ошон үчүн баш прокурор бул маселени көтөрүп, тергөө иштеринин улантканы туура деп ойлойм.
Атамбаевдин мезгилинде “баарын өзүм башкарам, өзүм чечем” деген режимде жашап жүргөнбүз. Ошондуктан Боингдеги жүк боюнча өкмөттөн талап кылуу туура эмес. Бул маселе боюнча Атамбаевдин президенттик администрациясы жооп берип калат деп түшүнөм. Боинг кырсыгына жана учактагы жүккө Сооронбай Жээнбековдун жана Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бар деп айта албайм. Атамбаев толугу менен жоопко тартылып калышы мүмкүн", - деди Канатбек Азиз.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.